super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Кожобек Рыспаевди курамынан чыгаруу боюнча чечим кабыл ала элек

 

"Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Кожобек Рыспаевди курамынан чыгаруу боюнча чечим кабыл ала элек", - деп SUPER.KG'ге аталган фракциядан депутат Анвар Артыков билдирди. Бүгүн айрым басылмалар Рыспаевди партиядан чыгарууну 27 депутат колдогонун, бүгүн расмий маалымат таратыларын жазып чыгышкан.

"Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу боюнча өткөн аптада караганбыз, маселе кийинкиге жылдырылган. Ал маселе боюнча фракция жыйыны боло элек, болот деген кабарым жок. Массалык маалымат каражаттарына тараган маалымат боюнча менде маалымат жок", - деди Артыков.

Ал эми фракциянын дагы бир депутаты Дастан Бекешев "Бүгүн фракциянын жыйыны болгон жок, түштөн кийин да болбойт" деп билдирди.

Окуянын чоо-жайы:

Кожобек Рыспаев 2018-жылдын 29-августунда КСДПнын саясий кеңешинин жыйынтыгында аталган партиянын катарынан чыгарылган. Эл өкүлү өзү партиянын катарынан чыгып калганын КСДПны колдобой койгондугу менен байланыштырган.

28-сентябрда КСДП фракциясы Рыспаевди курамынан чыгаруу маселеси карага. Фракция лидери Иса Өмүркулов Рыспаевди чыгаруу же чыгарбоо чечими кийинки жумада кабыл алынарын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: