super.kg logo

УКМК: “Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу маалымат жалган”

 

"Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу маалымат жалган", - деп бүгүн, 5-октябрда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов SUPER.KGˊге маалымдады.

“Азыр тергөө жүрүп жатат. Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү боюнча эч кандай маселе өткөрүлгөн эмес. Адвокаттын айтып чыккандары чындыкка дал келбейт”, - деди Сулайманов.

Кечээ, 4-октябрда Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу УКМК соттон уруксат алышкандыгы боюнча Нурбек Токтакунов айтып чыккан.

Окуянын чоо-жайы:

29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда абактагы тергөө мөөнөтү 5-октябрга чейин узартылган. 1-октябрда тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылып, 5-декабрга чейин камакта калтырылган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.10.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Токтакуновдун токуган кезектеги оюну. Сапар Исаков өтө эле байкуш боло бербесинчи
05.10.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапардын адоваты жалган маалымат таратканы жалпы коомчулук жакшы билет. Көп ар кайсыны айта бербей бербей мыйзам алдында жоопко тартылсын.Эл чындыкты билгиси келет.
05.10.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп айткан адвокаттарды жоопко тартуу мыйзамын киргизүү керек! Нурбек Токтакунов наркоман адам. Ал чегип алганда ар кандай сөздөрдү тарата берет окшойт. Токтотуш керек мындайды.
05.10.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cапар Исаков жеткен шылуун. Ал деген элди тоноп мамлекеттин акчасына байыган. Ошол мүлкүн кайтарсын
05.10.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мамлекет бир уйбуло болсо анын ичинде атасы колунан пок келбесе ушинтип чоолор талап тоноп жеп кетет куйумдурок бололу мекенибизди коргойлу жоготуп албайлы
05.10.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар баары бир акталат!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: