Кара-Сууда мындан 15 күн мурун милициядан качып "жүгөрү талаасына жашынган" делген автоматчан кылмышкер Караколдон кармалды
Кара-Сууда мындан 15 күн мурун милициядан качып "жүгөрү талаасына жашынган" делген автоматчан кылмышкер Ысык-Көлдөн колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бир нече кылмыштарга катыштыгы бар, издөөдө жүргөн кылмышкер кечээ, 4-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан колго түшүрүлгөн. Кылмышкердин жанынан кутучаларга салынган 20 даана гашиш болгон. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.
кошулду

Кимде кимдин талаада жугорусу орула элек болсо, тартынбай 102 номерине чалсанар боло берет... (тамаша)...))