super.kg logo

Түштүк Кореянын экс-президенти 15 жылга кесилди. Бул коррупцияга айыпталган төртүнчү өлкө башчы

 
Ли Мён Бак

Түштүк Кореянын экс-президенти Ли Мён Бак 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, экс-президент 11,5 миллион доллар төлөөгө да милдеттендирилген.

"Ли Мён Бак коррупция жана бийликти кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптуу деп табылды. Аны камакка алуу боюнча ордер ушул жылдын март айында эле берилген. Апрель айынын башында прокуратура аны бир нече беренелер боюнча айыптап, 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бирок сот аны 15 жылга кести", - деп жазышат басылмалар.

Экс-президент буга чейин ага коюлуп жаткан бардык айыптарды четке каккан. Ал аталган кылмыш ишинде саясий мотив бар деген пикирин билдирген.

Ли Мён Бак Түштүк Кореянын президенти болуп 2008-2013-жылдары иштеген. 2002-2006-жылдары Сеул шаарынын мэри болгон.

Ал Түштүк Кореяда коррупцияга айыпталып, камакка алынган төртүнчү экс-президент болду. 2018-жылдын апрелинде өлкөнү 2013-2017-жылдары башкарган Пак Кын Хени сот коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, 32 жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин экс-президенттер Ро Дэ У (1993-жылы) менен Чон Ду Хван (1996-жылы) да коррупцияга айыпталып, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.10.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сотторун кыргызстанга иштетсе биздикилер турмого батпай калса керек
05.10.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azi81, айтпа жаны турмо салдырмакпыз 120 орунду анан калгандары учун 100 мин орунду турмолор ачылмак
05.10.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Менин оюмча экс президенттин кол тийбестигинен ажыратып,ошол кишини камаса бир 20 жылга,мен эле эмес бут кыргыз эли ыраазы болмок.Копчулук карапайым калк ошону гана кутуп тургандай...
05.10.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кана бизде да ушундай болсо Отунбаева Атанбаев кыргыздарды карыздан кутултмак
05.10.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аа щибал деп кетиптир да
05.10.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Karasuu27,ваахаха Щибаль кесекки деп кетти да
05.10.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаевти 20-жылга камаш керек
05.10.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде да ушундай болуп экс президенттер камалып. Садыр Жапаров чыгыш керек эледа. Ошондо адамдардын баары моокуму канып жакшы болмок да Атамбаевди по жизней эле кесиш керек.
05.10.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар качып кетишти билбейт окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: