super.kg logo

Казак жазуучусу Мухтар Шаханов: "Адамды адам кыла турган руханий баалуулуктар төмөнгө түшүп кетти"

 

"Адамды адам кыла турган руханий баалуулуктар төмөнгө түшүп кетти". Мындай пикирин SUPER.KG'ге казак элинин акыны, жазуучусу Мухтар Шаханов бүгүн, 5-октябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III эл аралык Ысык-Көл форумуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүштү дүйнө эли башынан өткөрүүдө.

Жазуучу Мухтар Шаханов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов демилгелеп 1986-жылы өткөн Ысык-Көл форумуна да катышкан.

"1986-жылы өткөн Ысык-Көл форумунда Айтматов мага кайрылып, "сен баяндама жаса" деди. Ошентип мен баяндаманы ыр менен жасап, көптөгөн маселелерди көтөргөм. Азыркы учурда материалдык байлык, спорт, жеңил маанидеги ырлар биринчи катарга чыгып кетти. Ал эми адамды адам кыла турган руханий байлыктар 6-7-катарга түшүп кетти. Ошондуктан азыркы кезекте биз ушул маселени көтөрүп, анын үстүнөн ойлонушубуз керек.

Руханий жактан төмөндөп, китеп, гезит, журнал окубай турган заман болду. Казакстанда гезит-журнал саткан күркөлөрдүн баарын жаап салышкан. Азыр Казакстанда бийликтеги адамдарды гана мактоо керек. Ошондо гана дурус деп ойлошот. Муну менен күрөшүү керек", - деди Мухтар Шаханов.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форум бүгүн, 5-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өтүп, 6-8-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылат. Форумга катышуу үчүн 25 өлкөдөн 150дөн ашык маданият, адабият өкүлдөрү келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.10.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бугунку кундо руханий тазалыкты арабтардын, пакистандын казынасынан издебей, озубуздун руханий жактан бай казынабыздан издеш керек эле.
Кыргыз деген ким?
Бул суроого жоопту биз Курандан же башка араб диний адабияттардан таба албабызбы? Жок. Жоопту озубуздун руханий тарыхыбыздан таба алабыз.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-10-05 14:39:21
05.10.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirlan27011987, кана ошол адамдарды суроп жакшы Жака озгорто турган бир нерсен барбы же жон эле дооруп атасынбы идеян болсо айтчы биз ошол сен айткан жашоо менен жашайлы
Bolunbo.kyrgyz түзөттү 2018-10-05 15:37:59
05.10.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Калп эле дин деп пакистан аравия элдеринин каада салтын жайылтып, тануулап жаткан ислам уюмдарын жок кылыш керек
nuri1 түзөттү 2018-10-05 15:49:19
06.10.2018. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жака диндин эмне тийешеси бар, ушундай силерго окшогон билими томон адамдар кобойуп кетти!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: