super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бир жыл мурун: Эстрада жана фольклор ырчысы, шайыр жеңе аталган Гүлбү Ороскул кызы көз жумган

 

2017-жылы, 6-октябрда белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, "Кыз-жигит" сармерден телеберүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы 40 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Маркум ырчынын денесине жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгында ашказаны ооруп көз жумганы белгилүү болгон.

Ырчынын сөөгү 2017-жылдын 8-октябрында Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө маркум Элмира Кайып кызынын жанына коюлган.

Ырчынын кызы Айзуура Иманалиева апасын акыркы сапарга узатып жатып: "Апабыз сиңдим экөөбүздүн колубуздан узады. Кыздарымдын жанында болоюн деди окшойт. Апабыздын элеси ар дайым жүрөгүбүздө болот. Анын аткарылбай калган иштерин өмүрүмдүн акырына чейин болсо да аягына чыгарам. Ал ар дайым адал эмгектенди. Бизге да "арам эмес, адал жол менен иш кылгыла" дечү. Ал эч кимге жамандык каалабаган адам эле. Акыркы сөзүн айтып жатып да "Кыргыз элим, бири-бирибизге жаман санашпайлы, кең пейил бололу" деди", - деп билдирген.

Шайыр жеңени дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын маданият кызматкерлери ыр саптары менен эскеришип, ырчынын шайыр, ак көңүл мүнөзүн, назиктигин эч бир адамдын көңүлүн оорутпаган жан болгонун белгилеп, кабыргалары кайышып тургандыгын билдиришкен.

"Сен кеттиң, калган калды,

Сезимде арман калды.

Кош, жайың бейиш болсун,

Кош дебес аргам барбы", - деп эскерген төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр.

Ыманкулова Гүлбү Ороскуловна (Гүлбү Ороскул кызы) 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.

1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы, 2 кыздын энеси, 1 неберенин таенеси болгон.

2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө Гүлбү Ороскул кызы деген ысым менен кызмат кылып келген. Фольклор жана эстрада ырчысы, ошондой эле кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн "Достор" тобунун солисти болуп эмгектенген. 2015-жылдан тартып каза болгонго чейин КТРКнын "Кыз-жигит сармерден" теледолбоорунун алып баруучусу болгон.

Ырчы айым көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын, ардак грамоталардын ээси болгон. Бирок ырчыга бир дагы мамлекеттик наам ыйгарылган эмес. 2018-жылдын 28-августунда ырчынын ысымы өзү туулуп-өскөн Авлетим айлындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.10.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп алып эле тан калдым,заматта 1жыл отуп кеттиби ээ??
06.10.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
monster_high_98,мендагы тушунбой анан тушундум.1жыл бат эле отуптурдааа.убакыт учкан куш деген соз чын тура.
07.10.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун курандан башка айла жок экен. Ушундан кору бир омур инвалид болуп калса, омур даары ташыганга даяр элем.
07.10.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инвалид болуп калганды не кыласын ошондо адам кор болот. Озу болсо андан коро жакшынакай болуп эле. Эх арман дуйно, чиркин дуйно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: