Түштүк Кореяда өтүүчү эң ири эл аралык кинофестивалда кыргыз режиссёрунун "Аврора" тасмасынын бет ачары орун алат
Жаш кыргыз режиссёру Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүүчү эң ири эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу кино таануучу Гүльбара Төлөмүшова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.Пусан кинофетивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылы фестиваль 12-октябрдан 21-октябрга чейин өтөт.
Пусан шаарында өтүүчү фестиваль эл аралык киноиндустрияны көрсөтүүчү эң керектүү жана маанилүү киноаянтча болуп саналат. 2006-жылы Пусан кинофестивалында кинобизнести пропаганда кылган Азия кино базары ачылган.
Пусан кинофестивалында 270ке жакын тасма көрсөтүлөт. Аталган тасмалардын бирден үч бөлүгүнүн бет ачары дал ушул фестивалда орун алат. Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага 7 миңге жакын кино жаратуучулар, белгилүү актёр жана актрисалар, ошондой эле 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
3
3
Комментарийлер(1)
Qwer007
06.10.2018. 09:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ сиздерге отунучум бар. Ушу Кореяга биз визовый кылып койсо жакшы болмок карапайым калкка. Завод ачканда да коп жардам болмок мигранттарга. Казахстан безвизовый кылып, эли барып жакшы иштеп жатышат. Ушул сунушумду бийлике жеткирип же сурамжылоо кылып жарыя кылып койсонуздар сураныч
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















