super.kg logo

Мухаммедкалый Абылгазиев кылмыш-жаза мыйзамдарын өзгөртүүгө убактылуу тыюу салды

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир нече кылмыш-жаза мыйзамдарына убактылуу өзгөртүү киргизбөө тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Өкмөт башчы кол койгон токтомго ылайык, 2020-жылдын 1-январына чейин төмөнкү кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү токтотулду.

  • Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси.

Бирок аталган токтомдун төмөнкү мыйзам актыларына тиешеси жок.

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;
  • Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу;
  • келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;
  • укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу)

2018-жылдын 22-майында президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ыкчамдатуу максатында атайын жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, Жазык процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси жана башка коштоочу мыйзамдар күчүнө кирери белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: