super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды утуп алды

 

Бүгүн, 5-октябрда Орусиянын Пермь шаарында грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда 45 жашка чейинки категорияда Кыргыз өлкөсүнөн 2 балбан килем үстүнө чыгып коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган.

70 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Исломидин Умурзаков күрөштү. Ал чейрек финалда жеңилип калганы менен коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Коло медаль үчүн күрөштө Умурзаков орусиялык Андрей Толстов менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Умурзаков 3 упай топтоп, атаандашына упай алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада Исломидин Умурзаков 3:0 эсеби менен жеңишке жетип, коло медалдын ээси болду.

Ал эми 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Тазабек Икрамов коло медаль үчүн күрөштө орусиялык Павел Куриленко менен күч сынашып, тилекке каршы, 1:3 эсеби менен жеңилип калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: