Чолпон-Атада муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүү дале кармала элек
Чолпон-Ата шаарында муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүү дагы деле кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
"Баланын өлүмүнө шектүү кармала элек. Учурда изделүүдө. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон", - деди облустук милиция.
Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.