super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду муунтуп жеңишке жетти

 

10:15. UFC 229. АКШ. Лас-Вегас шаары. Ирландиялык Конор Макгрегор менен орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун беттеши башталууда. Учурда аталган эки мушкерге чейинки беттештер болуп бүттү.

10:26. Учурда Макгрегор менен Нурмагомедовдун беттешке чейинки пресс-конференцияларын жана беттештерин видео аркылуу көрсөтүүдө. Ошондой эле мушкерлер кандай даярдыктардан өткөндүгү да көрүүчүлөргө тартууланууда.

10:30. Алгач октагонго ирландиялык мушкер чыкты. Макгрегорду мушташка чейинки акыркы даярдыктардан өткөрүшүп, октагон бурчуна тургузушту. Кезек Хабиб Нурмагомедовдо.

10:33. Хабиб Нурмагомедов октагонго карай бет алды. Ал ар дайымкыдай эле дагестандыктардын улуттук баш кийими менен беттешке чыгып бара жатат. Мушкерлер чыгып жатканда чоң экрандан өлкөлөрүнүн желектери көрсөтүлүп турду.

10:40. Мушкерлер тааныштырылып бүттү. Хабиб Нурмагомедов менен Конор Мекгрегордун буга чейинки беттештринин статистикасы айтылды. Залга толгон күйөрмандар беттешти жандуу сүрөп жатышат.

10:41. Беттеш башталды. Алгачкы эле чабуулду ирландиялык мушкер жасады. Хабиб Нурмагомедов болсо коргонууда турат.

10:42. Макгрегордун чабуулу ийгиликсиз аяктап, Нурмагомедов аны жыгытып алды. Ирландиялык мушкер адаттагыдай эле ачык чабуулдарга өтүүдө. Ал эми орусиялык мушкер күрөшүү ыкмасын колдонууга аракет жасап жатат.

10:45. Мушкерлер өз ыкмалары менен упай иштөөгө аракет кылып жатышат. Хабиб Конорду жыгытып алып, башына сокку урууга аракет кылып жатат. Ийгилик азырынча Хабиб тарапта. Ал Конордун колун кайрыууга аракет кылууда. 2-раунд аягына чыгайын деп калды.

10:50. Беттеш уланууда. Хабиб Конорду бурчка жыгытып алып, көпкө чейин ыңгайсыз абалда кармап турду.

10:52. 3-раунд аягына чыкты. Хабиб самбонун ыкмаларын пайдалануу менен Конорго ыңгайсыздык жаратып жатат. Октагондун бурчуна такап, сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө 70 пайыз Хабиб ээ болууда. Эки мушкер да чарчап баратат.

11:03. Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңди. Орусиялык мушкер өз ыкмасына салып ирландиялык мушкерди арттан муунтуп жеңишке жетти. Жыйынтыгында Хабиб чемпиондук курун сактап калды. Ал эми Конор 2-ирет UFC'де жеңилүү ызасын тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(49)
07.10.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Хабиб Нурмагомедов ийгилик каалайм хабиб ке куйормандык кылгандар + баскыла
dastan_nookat түзөттү 2018-10-07 10:36:00
07.10.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Хабиб алга
07.10.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Конор женет
07.10.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Хабиб алга алга
07.10.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Хабиб алга мусулмандардын башын өйдө көтөрүп жүрө бер.
07.10.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
конор алга
07.10.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Munar8625,танк менен суйросонда бутту
07.10.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Конооор
07.10.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Конор дегендер коруп атасынарбыыы Конорунар эмне болуп атканын))
Gena1 түзөттү 2018-10-07 10:50:53
07.10.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-31
Gena1,Кыжааалат болбой тур,аягына чыгалек
07.10.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
monster_high_98, аягына чыкты. Эми не дейсин? Кыжалат болбой тур деп тим эле.
07.10.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Gena1,ха-ха-ха Конор виски ичип отурат баткендин насвайды таштап койуп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: