super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура: "Бишкек шаардык соту “ата журтчу” депутаттарды актагандыгы прокуратуранын жетекчиси соттук бийликке кысым көрсөтпөгөндүгүнөн кабар берет"

 
Бишкек шаардык соту “ата журтчу” депутаттарды актагандыгы прокуратуранын жетекчиси соттук бийликке кысым көрсөтпөгөндүгүнөн кабар берет. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы депутат Талант Мамытовдун маалымат жыйынында айткан сөзүнө жооп катары билдирди. “Башкы прокуратуранын Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы болуп, кайра Жогорку Сотко арыз жазганга толук укугу бар. Себеби Бишкек шаардык соту туура эмес чечим чыгарган жана муну Жогорку Сот мыйзам чегинде далилдейт”,- деп жазылган билдирүүдө. Эске сала кетсек, бүгүнкү маалымат жыйынында депутат Талант Мамытов: "Башкы прокурор Аида Салянова, Президенттик аппараттын соттук реформалар бөлүмүнүн жетекчиси Индира Жолдубаева жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева сотторго кысым көрсөтүшүүдө. Аларга буйрукту аткарган гана соттор керек" - деген эле.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: