Хабиб Нурмагомедов беттеште эмне үчүн чыр чыгарганын түшүндүрдү

"Кубанычтамын. Беттештин соңунда Владимир Путин чалып, мени куттуктады" деди Хабиб Нурмагомедов мушташтан кийинки маалымат жыйында.
Ал келип чыккан башаламандык үчүн баарынан кечирим сурады. “Ал (Диллон Дэнис - ред.) менин диним жана атам жөнүндө сүйлөп, октагонго атырылды. Мен да адаммын. Курум өзүмдө. Дале чемпионмун. Баарыңыздардан кечирим сурайм”, - деди Нурмагомедов.
UFC'нин президенти Дэйна Уайт башаламандык боюнча атайын комиссия иш алып барып жатканын айтты. "Эгер Хабиб Нурмагомедов узак мөөнөткө беттештерден четтетилсе, анда биз аны наамынан ажыратабыз", - деди ал.
Беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишти.
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешинен кийинки жаңжал

Озу уруш буткондо недовольный болуп кутуруп жаткан. Кутурган бойдон октагондон ары секирди. Бир соз менен озун корсоткусу келди, реклама кылгысы келди. Бирок жакшы жагынан эмес, жаман жагын... Балким акылы ошого гана жеткендир.....