super.kg logo
  Саясат  

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-июнда кабыл алган. Анда билим берүү программаларын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын көз карандысыз аккредитациялоо институтун киргизүү, мамлекеттик эмес коммерциялык эмес аккредитациялоо уюмдарын түзүү, жогорку окуу жайларынын бир бөлүгүн өз алдынча каржылоо шарттарында иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес жогорку окуу жайлары статусуна которуу каралат. Мыйзам   баштапкы, орто билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып, ал эми башка билим берүү уюмдары үчүн 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып  күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: