super.kg logo

Болгарияда коррупциялык иштердин бетин ачкан телеберүүнүн авторунун муунтулуп, зордукталган жансыз денеси сейил бактан табылды

 

Болгарияда коррупциялык иштердин бетин ачкан программанын авторунун муунтулуп, зордукталган жансыз денеси сейил бактан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схемалардын бетин ачкан “Детектор” телеберүүсүнүн автору Виктория Маринованын жансыз денеси София шаарындагы сейил бактан табылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 30 жаштагы журналист жарым жылаңач чечинтилип, муунтулуп өлтүрүлгөн. Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгында зордукталганы аныкталган. Кылмышкер анын уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана көз айнегин алып кеткен.

Бул окуяга Эл аралык уюмдар жергиликтүү бийликтен кылмыштын бетин тез арада ачып, кылмышка шектүүнү жоопко тартууну талап кылышкан.

"Бул Евробиримдиктеги кызмат учурунда кол салынган төртүнчү журналист болду. Маринова акыркы телеберүүсүндө эки журналист менен маек куруп, Евробиримдик тарабынан каржыланган долбоорлордогу коррупциялык схемалар тууралуу кеп салышкан. Программага катышкан журналист Атилла Биро аталган иликтөө ишине долбоор тарабынан буга чейин дагы тоскоолдуктар болгонун айтып чыккан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.10.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына!Каерде болбосун козун тазалашат экен.Бардык жерде коррупция.Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: