super.kg logo

Каржы министри: "Кытайдан карыз албоо боюнча өкмөткө сунуш бергем"

 

"Мен министр болуп иштегенден бери Кытайдын "Эксимбанкынан" кредит алына элек. Мен Кытайдан карыз албоо тууралуу өкмөткө сунуш киргизгем”, - деп каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Мамлекеттин тышкы карызынын 44,8 пайызы Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет. Бул акчалар негизинен жол курууга, энергетика жана жылуулук берүү тармактарына жумшалган. Тышкы карызды төлөөнүн оор учурлары 2023-2031-жылдарга туура келет. Анын эң чоң көлөмү 2027-жылы төлөнөт. Биз учурда тышкы карызды кечүү же төлөө шарттарын артка жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз.

Учурда мамлекет үчүн тышкы карыздарды жана гранттарды 35 пайыздык минималдык ченем менен алуу каралууда. Ал эми мен министр болуп келгенден бери Кытайдан кредит алына элек. Кытайдан карыз албоо боюнча өкмөткө сунуш берилген”, - деди каржы министри.

Адылбек Касымалиев каржы министри кызматын 2015-жылдын май айынан тарта аркалап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.10.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненердин акысы калдыбы карыз ала турган кысып эле карыздын толоштун жолун издегиле
08.10.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге пайдасы жок карыздарын оздору жештида. Кытайдан карыз алмак турсун, элдерине киргенге чек коюш керек. Вообще-то кытайды кыргыз байытты..союз таркаганда ичи чирип баштаган кездемелерин,бир жени узун бири кыска чучуктай болгон монтана,адидастарын, желим буюмдарын баарын кыргыздар чылкыйтып казакстанга, орусияга ушул бузулган жолдор аркылуу ташып сатып Кытайдын экономикасын которгон!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: