Маданият министри Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-октябрда өтөт
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү 10-октябрь күнү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
"Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-октябрда саат 9:00дө Кыргыз драма театрында өтөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат",- деп билдиришти министрликтен.
Министр 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Жумагулов көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап келген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун!