super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 адам ооруканага жеткирилди (сүрөт)

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Анда 1 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жеткирилди. Окуя катталганын Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 6-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылында болгон.

"25 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну К.Э. өзүнүн Honda Airwave үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн-түштүккө карай бара жатып, алдынан чыккан С.А. аттуу жаранга тийиштүү Honda Fit үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөр жабыркаган. Алар 53 жаштагы М.А. жана 32 жаштагы П.Д., 1979-жылы туулган Ж.А. Ош облустук ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Ал эми Honda Fit унаасынын жүргүнчүсү 43 жаштагы С.Н. алган жаракаттарынан улам окуя катталган жерде каза болгон. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
08.10.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай сактасын. Айыгып кетишсин жаман иш болуптур. Айланайын айдоочулар АКЫРЫЫН эле айдагылачы сураныч
08.10.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын го баары бир ажалы жеткен адам олот, бирок фит менен сузушсон фиттен аман калыш кыйын эле.
08.10.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайтыш болгон адам лобовойдон чыгып кеткен окшойт ремень безопасности тагынып алса мумкун аман калат эле го жаракат алса дагы.эх жайы жаннаттан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: