super.kg logo

Индонезиядагы жер титирөө: 1800 адам каза болду, 5000 адам дайынсыз болууда. Кырсыктын спутниктен көрүнүшү (видео)

 

Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиден каза болгон адамдардын саны 1800гө чукулдады. Бул тууралуу куткаруу кызматтарынын маалыматтарына таянып 8-октябрда жергиликтүү басылмалар жазышууда. Ошондой эле кырсыктын спутниктен көрүнүшү видеого тартылып, жарыяланды.

"Каза болгон адамдардын саны 1800гө чукулдады. Дайынсыз жоголгон адамдардын саны 5 миңге жетти. Пелебо, Балароа аймактары жер титирөөдөн катуу жабыркаган. Учурда аталган аймактарды урандыга аралашкан ылай каптап турат", - деп айтылат маалыматта.

Бир жумадан берки жер силкинүүлөр, цунами, вулкандын атылышы миңдеген адамдардын өмүрүн алды. Учурда табигый кырсык жалмаган аймактарда ачкачылык өкүм сүрүүдө. Сулавеси аймагында куткаруучулар тирүү адамдарды издөөнү токтотушкан. Көлөкөдөгү абанын температурасы 30 градус болгондуктан эпидемия болтурбоо максатында каза болгондорду жерге берүү үчүн ири чуңкурларды казуу иштери уланууда.

"Мен үй-бүлөмдү издеп жүрөм. Кечээ апамды таптым. Эми атамдын, аялымдын жана жээнимдин сөөгүн табышым керек. Ал жакта өлүктөр көп, миңден ашуун", - деп билдирген Рифки Аль-Махдали аттуу жергиликтүү тургун.

Эске салсак, Индонезияда 28-сентябрь күнү күчү 5,8, 6,1 жана 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Белгилүү болгондой, жыл сайын Индонезиянын аймагынан сейсмологдор күчү 4 баллга чейин жеткен 6-7 миң жер титирөө фактысын каттайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.10.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кочку журуп кеткендей эле болуптур да.
08.10.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ээ кудай озун сакта кыргызстанды ушундай аппаттан
08.10.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлары жаанатан болсун
08.10.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым ушундай кырсыктардан сактасын,ар бирибиздин уйубуздо тынччылык болсун,журогубузго ыйман берсин,жакын адамынан эч кимибизди айырбасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: