super.kg logo

Жактоочу: "УКМК жана Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовду паспортунун жараксыздыгы боюнча сотко бере албайт"

 

"Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовду паспорту жараксыз экени боюнча сотко бере албайт". Мындай пикирин жактоочусу Сергей Слесарев бүгүн, 8-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

"Жарандыкка кабыл алуу же чыгаруу президенттин укуктарына кирет. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт берүү жана каттоо иштери менен алектенет. УКМК жана Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовду паспортунун жараксыздыгы боюнча сотко бере албайт. Бирок Биринчи Май райондук соту Кулматовдун 2017-жылы алган паспортунун жараксыздыгы тууралуу алардын арызын кабыл алууда. УКМК "Кулматов 1996-жылы СССРдин паспортун мыйзамсыз алмаштырган" деп жатат", - деди Слесарев.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылы жаңылаган", - деп билдирген УКМК.

Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.10.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулматов кыргызга эзели куйбойт, Атамбаевдин капчыгын толтуруп эле журду бажыны жетектеп турганда
08.10.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулматов кызматтан кызматка секирип, Атамбаевдин эрке баласындай болуп жүргөнүн элдин баары билет. Ал жеп ичкенин кусуш керек. Анын орду түрмөдө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: