super.kg logo
  Саясат  

Салык кодексине толуктоолор киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга 5-июлда кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-майда кабыл алган. Ал ишмердиктин бул түрлөрүн милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу жолу менен чач тарач (сулуулук салону) кызматын көрсөтүүчү, менчик стоматологиялык кызмат көрсөтүүчү жана жарнак такталарын ижарага берүү ишкерлик субъекттерин салыктык администрациялоону жөнөкөйлөштүрүү жана алардын  бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү максаттарын көздөйт.

Салык кодексине төмөнкү толуктоолор киргизилет:

а) 348-беренеге ылайык,  чачтарач жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүсү, менчик стоматологиянын кызмат көрсөтүүсү, жарнак такталарын ижарага берүү кызмат көрсөтүүсү милдеттүү патенттин негизинде салык алынуучу ишмердик түрлөрүнүн тизмесине киргизилет;  

б) 349-беренеге ылайык, кызмат көрсөтүү менен байланышкан ишкердик ишмердикке патенттик негизде төлөнүүчү салыктын төмөнкүдөй чендери белгиленет: чачтарач жана сулуулук салондору (1 отургузуучу орун үчүн 2000 сом суммасында); менчик стоматология (1 отургузуучу орун үчүн 5000 сом); жарнак такталарын ижарага берүү боюнча (1 жарнак тактасы үчүн 5000 сом). 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: