super.kg logo

Казакстандын Алматы шаарынын мурдагы мэри 17 жылга, жубайы 14 жылга эркинен ажыратылды

 

Алматы шаарынын райондор аралык соту мурдагы шаар башчысы Виктор Храпуновго жана анын жубайы Лейла Храпуновага козголгон кылмыш иштери боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 8-октябрь күнү сот Виктор Храпуновду 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу тууралуу чечимин чыгарган. Ага "кылмыштуу топту түзүү жана аны башкарып, бир же бир нече кылмыштарды жасоо", "ишенип берилген мүлктү коротуу жана менчиктеп алуу", "Көз боёмочулук", "мыйзамсыз жол менен табылган акча каражаттарды легалдаштыруу", "кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу", "пара алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп табылган.

Ал эми анын жубайын Лейла Храпунованы сот 14 жылга эркинен ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Буга катар Храпуновдордун күйөө баласы 5 жылга эркинен ажыратылган.

Храпуновдордун үй-бүлөсү мамлекетке келтирген чыгымдын көлөмү 250 миллион доллардан ашат. Күнөөлүү деп табылгандар издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу сот аларды сырттан соттогон.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Харпуновдордун үй-бүлөсү азыркы тапта Швейцарияда жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.10.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сырттан кескени биздин бакиевтерди, шадиев менен акаевтерди кескендей эле соз экен да. Темасын окуп алып чын камаган экен десе жомок турбайбы.
09.10.2018. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чоң адамдар бар жерде чоң акча роль ойнойт,буларды өз жеринде жүргөндө соттобойт,атайын качырып жиберип (качып кетиптир кылып)анан артынан соттомуш болуп калышат чоң суммадакы акчасын алып калып.Бул да болсо чоң бизнес.Көрүп эле жүрөбүз го,арабызда эле болуп жатат андай иштер.Ким экенин кимге тиешелүү экенин өзүңөр билесиңер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: