super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Бука районунда мугалимдерди мажбурлап концерт, спектаклдерге билет алдырышууда" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда мугалимдерди мажбурлап концерт, спектаклдерге билет алдырышууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Айыл жергесинде мугалимдердин айлык маянасы аз. Ошого карабастан Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү октябрь айынын башында эле мугалимдерди концертке билеттерди алууга милдеттендирип жатат. Чынара Дооранованын концертине жана Барпы театрына билеттердин ар бири 100 сомдон сатылды. 2-октябрда "Адашкан адам" спектакли коюлду. Ага акчасын топтоп бердик. Көрүүчүлөр аз болгону үчүн "Чынара Дооранованын концертин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы көзөмөлдөйт, баргыла" деп жатышат.

Театрга бошобой калып, барган жокпуз. Ал эми концертке сөзсүз түрдө баруу керек деген райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу болду. Ар бир мектепке билеттер мугалимдердин санына жараша бөлүнүп берилди. Мугалимдердин "менин убактым жок" дегенине карабай акчасын бериңиз дешти. Ушинтип концерт койбой эле коюшпайбы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
08.10.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу
08.10.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Силер жакта билет тетири жагынан чыгабы суротко?
08.10.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынара Доорановасы ким эле ботом, мындай аттуу ырчыны биринчи угушум??
Урушпаныздар, укпасам укпадым дешке акым бар чынар.
08.10.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иштен айдаш керек
08.10.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ала-Бука районунда эле эмес Аксы районунда дагы ошондой корунуш.Жогору жактагылар буйрукту берип жыргап жатышат. Мугалимдердин айлыгы аз мээнети коп. Билим беруу болумунун башчылары кызмат ордунан пайдаланып мугалимдерди мажбурлоого акысы жок деп эсептейм
08.10.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал эми Чынара сулууга кенешим, талантын болсо элди мажбурлабасан дагы оздору издеп барат. Сен мажбурлатып саттырткан билетиндин акчасына балким ошол мугалим муктаждыр
08.10.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал Жалал-Абад обласынын баардык райондорунда мажбурлап таратып жатат!Ноокен районунда ошентип таратып кетишти.Эми чындыгында 100 сомлон тартышпай барбасанда алып коёсун элден калбай,болгону кыйналып жалдырап билет саткандан коро ,концерт койбой эле коюшпайбы!
08.10.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балык башынан сасыйт болуп атса даба жок!Билим беруу министири озу аралашкан ошого коркбой ушинтип атышат.
08.10.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул Кабарды ошол ырчы болмушка жеткиргилечи супер инфо
08.10.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеткен бети жоктук. Кимдерге сатыш керек? Мугалимдерге. Кимдерди иштетиш керек? Мугалимдерди. Кимдерди чуркатыш керек? Мугалимдерди. Ылайым ошол ырчынын бардык балдары мугалим болуп калсын
09.10.2018. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип мажбурлап концерт койбой эле коет элем. оз каалоосу мн келбеген элди кыйнап
11.10.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш балээде калган дагы деле мугалим. Колдорунан эч нерсе келбейт дейтда, бир демке деп отказ кылсан эле иштен айдайм деп коркутат бир кооп айлык берип аткансып. Откондо угуп калдым маршрутта Ош шаарынын кунундо мугалимдерге бирден тапчан (сору) анан стол стулдарды алып келгиле дептир. Эми аны да портерге жуктосо анысы да кеминде 200 300 алатда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: