Тоо кийикти жана анын улагын аткан адамга 220 миң сом айып салынды
Тоо кийикти жана анын улагын аткан адамга 220 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-октябрь күнү тоо кийикти жана анын улагын аткан видео тараган.
"Департаменттин кызматкерлери 7-октябрь күнү видеодогу мергенчини табышкан. Ал Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну экени аныкталды. Мергенчи күнөөнү толугу менен моюнуна алган. Кызматкерлер протокол түзүп жаныбарлар дүйнөсүндөгү объектиге зыян келтиргени үчүн 200 миң сом жана 20 миң сом административдик айып салган. Мергенчи 1 айдын ичинде бул каражатты төлөшү керек ", - деп жазылат маалыматта.
Мергенчи малын айдап бара жатып суу боюндагы тоо кийигин жана анын улагын көрүп калып мылтыгы менен атып өлтүргөнүн, видеого тартып алып, кийин этин жеп койгондугун айткан.
кошулду
Автор: Айзада Тураркулова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Кандай журогу боору таш адам экен коргум бар да супер инфо толук жазсанар, бул киши тоо текени жанында кичинекей баласы менен аткан.Суротун коруп ушунчалык капа болдум таш боорлука. Жаратылышты сыйлабагандык озун сыйлабагандык чоон эле киши экен тарбиялаган балдары кандай болду экен... ото окунучтуу
220 миң салбай эле байкушка,бир эчки текеси менен улак кошуп мамлекеттен кутулуп койсо болбойбу.Эми ал байкуш качан кутулуп болот?Бирок өткөндө десең,Кадамжайда турсам жолдо кечке маал,бир военный ала була кийинген бирөө мылтыгы бар,колуна бир нерсени көтөрүп кетип жаткан куйругун корүп калдым эле каптал жагынан.Өткөндө жаңылыкты суперден окуп ошол эмесби дегем,айткандай бүгүн окудум Кадамжайдан экенин.Мен ошол балабы деп калдым да.Ушундай дал келүүбү же кандай түшүнбөй калдым өзүм.
titanik32, Ошондо текени берип кутулуп койсун жеп жатасын? Тоо текесинин ордуна,уй текесин бериппи? ))))Аргасыздан кулгонго мажбур кылдында,Анан откондо сен коргон жигит башка ))
titanik32,ошол аткан сен окшойсун, бугу эне деген жомокто бар го бугуларды элдер коп атып баштаганда анын убалы тийип согуш болуп кетет элдин баары кырылып Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
×
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:
Кантип атса ошонетип толосун!!!