super.kg logo

Тайырбек Сарпашовго карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөөнү Башкы прокуратура кайра баштады

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш иши боюнча тергөөнү Башкы прокуратура кайра баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ага карата 2017-жылдан бери козголгон кылмыш иши токтоп турган.

"Бул боюнча иш кайра башталып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилген. Азырынча эч кимге айып коюла элек", - деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Башкы прокуратура 2017-жылдын февраль айында Сарпашевдин Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине себепчи болгонун жүйө келтирип, аны Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан бошотуп турууну сунуштаган. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал эми июнь айында Сарпашев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Ошондой эле Сарпашевге 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деген да айып тагылган. Кийин УКМК курамында кылмыштын белгилери жок деп бул кылмыш ишин токтоткон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.10.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бай бул адам кайда катылып жаткан!
09.10.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камагыла мунунда былыктары толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: