super.kg logo

Нурсултан Назарбаев: "Кыргыз өлкөсү биз "жолдорду" жаап койгондо эмне кылды эле? Алар күрөшүшкөн"

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 5-октябрь күнү элге жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасап жатып өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз козгоду.

"Экспорттук индустрия экономикалык саясаттын так борбору болуусу зарыл. Бийлик өкүлдөрү экспорт жасаган жана кайра өндүрүү менен алектенген ишкерлерди, компанияларды колдоого алуусу кажет. Бизден өндүрүлгөн товарларды аймактык жана дүйнөлүк базарларга чыгарууга аракеттенишибиз керек", - деп билдирген Назарбаев.

Ошондой эле президент өз сөзүндө Беларусь жана Кыргыз өлкөсүн мисал катары келтирген.

"Айланада эмне болуп жатканына көз жүгүрткүлөчү. Беларусь өлкөсү өзүнүн товар өндүрүүчүлөрүн кандай коргоорун жакшы билесиңер. Ал эми биз жолдорду жаап койгондо Кыргыз өлкөсү эмне кылды эле? Алар күрөшүшкөн. Ал эми биздикилер үн чыгарышпайт, күрөшүшпөйт. Алар эч кандай майнап чыкпасын билет. Ар ким өз кызматын аткарып, биздин товарлардын башка базарларга чыгуусуна шарт түзүүсү зарыл", - деп айткан Назарбаев өз кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигине карата айтылган кескин сынынан кийин, 10-октябрда Кыргыз-Казак чек арасында тоскоолдуктар жаралган. Анда Казак тарапка өлкөдөн жүк ташыган унаалар өтө албай, кезек күткөн унаалардын саны 300гө жеткен. Мындан жабыр тарткан ишкерлер маалымат жыйын өткөрүп соода токтоп калганын, мындан улам ишкерлер чыгашага учураганын билдиришип, Казак элчилигинин алдына митингге чыгышкан. Ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков ошол жылдын 18-октябрында Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Эки тараптын ортосунда жаралган кырдаалдан чыгууга биринчи кадамды кыргыз тарап таштаганы маалымдалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
09.10.2018. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анан эмне унчукпай отуруш керекби?Казак президентин уят кылбайлы деп .Кетсен деле болот эле урматтуу президенти жаштар ыймандуулар келсе Казак эли учун
09.10.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстан да Оз арабанды озун тарт. Жетекчилердин элге Кам коруусу жок. Ошондуктан Эл Оз кызыкчылы учун аракет кылат. Казакстандын Эли Кыргызстандын элине окшоп тентиген жок турмуштун оор шартынын айынан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: