super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызынан ашырбоо сунушун колдош керек”

 

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун пикири төмөндөгүдөй болду.

Зулпукаровдун айтымында, мамлекеттик карыздын чегин ИДПга карата 70 пайыз деп белгилөө туура сунуш.

"Албетте, карызды өстүрбөш керек. Бюджет өзү эле мыйзам да, бюджетти кабыл алып жатканда бүгүнкү өкмөт чекти коюп алганга укугу бар. Мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызынан ашырбоо - Бюджет кодексинде көрсөтүлүп жаткан жакшы сунуш. Муну колдош керек. Башка өлкөлөрдү карай турган болсок, айрым өлкөлөрдүн карызы ИДПнын 100-130 пайызын түзгөн учурлар бар. Менимче, чекти коюу туура эле сунуш. Бизде 2014-жылга чейин мындай чек жок болчу", - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: