super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түштүк кореялык ырчы Gummy менен актёр Чо Жоң Сок үйлөнүштү

 

8-октябрда түштүк кореялык ырчы Gummy менен актёр Чо Жоң Сок үйлөнүштү. Маалыматты ырчы менен учурда иштешип жаткан C-JeS Entertainment агенттиги жарыялады.

Белгилүү болгондой үлпөт тойго Gummy менен Чо Жоң Соктун жакын туугандары гана катышкан. "Алар бирин-бири өмүр бою сыйлоого, кам көрүүгө, жакшылыкта жана жамандыкта дайыма бирге болууга убада беришти. Чын дилден айтылган каалоо-тилектер үчүн ыраазычылык айтабыз. Экөө өз ишинде сиздерге жакшы музыка жана башка эмгектерди тартуу кыла беришет" деп айтылат агенттиктин куттуктоосунда.

Ырчы менен актёр 2013-жылдан бери сүйүү мамилесинде болгону айтылат. Алардын мамилеси тууралуу коомчулукка 2015-жылы белгилүү болгон. Алар тар чөйрөдө гана үлпөт тойду өткөрүүнү пландап, июль айында Чежу аралында үлпөт той алдындагы фотосессиясын жасашкан.

Gummy (Коми) 1981-жылы 8-апрелде туулган. Түштүк Кореядагы белгилүү ырчы буга чейин 10 жыл аралыгында YG Entertainment агенттиги менен иштешип, атактуулукка жеткен. Ырчы айым "Сүйүү үч бурчтугу", "Ушул кышта шамал согот", "Күндүн мураскерлери" жана башка сериалдардын саундтрегин аткарган.

Чо Жоң Сок 1980-жылы 26-декабрда туулган. "Ага", "Көк деңиздин уламышы", "Архитектурага киришүү" жана башка бир катар кинолорго жана сериалдарга тартылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.10.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун. Бизде болсо болгон элди чакырып, мактанып жар салып, жар жар айттырып...
08.10.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1980-1981-жылкылардын алды 4-5 балалуу болду окшойт)))

Р.S. Бактылуу болушсун)
Mydearzh түзөттү 2018-10-08 21:21:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: