super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын окуясы боюнча сот отуруму өтөт

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кылмыш иши бүгүн, 9-октябрда Свердлов райондук сотунда каралат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге кыздын атасы Турдали Кожоналиев билдирди.

Кыздын өлүмүнө шектүүгө карата козголгон кылмыш иши боюнча биринчи сот отуруму 5-сентябрь күнү Жайыл райондук сотунда өтүп, эки тараптын өтүнүчү менен иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс.Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгиси бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.10.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марстын сотто окуя жөнүндө эмне дегенин коомчулук дагы эле билбейбиз. Мынчалык элден жашыргыдай малекеттик сыр бар бекен?
09.10.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: