super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгына карата көргөзмө уюшулат

 

Бүгүн, 9-октябрда Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгына арналган көргөзмө башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Саат 10:00дөн башталган көргөзмөгө маданияттын эмгек сиңирген өкүлдөрү, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин студенттери, М.Күрөңкеев атындагы окуу жайдын студенттери "Кыргыз-Руху" фольклордук ансамбли катышат.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө 25-октябрга чейин уланмакчы. Адабият жана искусство музейи Токтогул көчөсү, 109 дарегинде жайгашкан.

Маалымат үчүн: Улуу комузчу, композитор, Кыргыз ССРинин Эл артисти Ыбырай Туманов 1888-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Жолбун аттуу комузду мыкты черткен чоң атасынан 7 жашынан тарта комуз чертүүнү үйрөнө баштаган. 1936-жылы Ыбырай Туманов Кыргыз элинин элдик таланттары катышкан бүткүл кыргыз олимпиадасына катышат. Мындан соң калыстардын чечими менен Туманов улуттук филармониянын кыргыз эл аспаптар оркестринин солисти болуп кабыл алынат. Бул арада комузчу эки ирет 1939-1958-жылдары Москвадагы кыргыз искусствосунун декадасына катышкан. 1939-жылы СССРдин композиторлор союзунун мүчөсү болуп, 1951-жылы "Ардак Белгиси" жана Эмгектин Кызыл Жылдызы сыйлыгы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: