Бажы кодексине толуктоо киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга 5-июлда кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-майда кабыл алган. Бажы кодексинин 286-беренесинин 1-пунктуна киргизилген толуктоого ылайык, декларант катары “товарлардын түздөн-түз ээлери же алардын ишеним каттын негизинде иш жүргүзүүчү өкүлдөрү” чыга алат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

