super.kg logo

Өзбекстанда 17 жаштагы кош бойлуу кыз асынып алды. Жигиттин ата-энеси кызды келин кылып алууга каршы чыккан

 

Өзбекстандын Термез шаарында 17 жаштагы кош бойлуу кыз жигиттин ата-энесинин каршылыгынан улам асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 22-сентябрда Термез шаарында болгон. Анда колледждердин биринде окуган 17 жаштагы студент кыздын кош бойлуу экендиги билинген. Мындан соң кызды жакындары жигитинин үйүнө жеткирип беришкен. Бирок жигиттин атасы каршылык көрсөтүп, кызды үйүнө кайтарган. Кыздын атасы аны баланын үйүнө апасы менен эжесине кошуп экинчи ирет алып барып таштап келген. Анда да 18 жаштагы жигиттин атасы "үйгө курсагында баласы бар келин кирбейт" деп кайра үйүнө жеткирип барышкан. Кыз ызасына чыдабай мал сарайга барып муунуп калган.

Кыздын атасы ал колледжде чогуу окуган курсташынан кош бойлуу болуп калганын айтып чыккан.

"Анын эки айлык боюнда бар болчу. Ал уят болгонуна чыдабай ушундай кадамга барды. Анын үстүнө ал жигити жоголуп кетти. Буга чейин аймактык комитетине, милицияга кайрылганбыз. Биз ал экөөнүн баш кошуусуна уруксат сураганбыз. Бирок эч ким буга олуттуу караган жок, милиция бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон жок. Алар кызым да жигит да өз эрки менен бул кадамга баргандарын айтып, тим болушту. Эгер тиешелүү мекемелер бизге баланын ата-энеси менен тил табышканга жардам берсе мындай иш болбойт болчу", - деп билдирген кыздын атасы.

Бул факт боюнча милициядан "кыз зордукталган эмес, ошол себептен кылмыш иши козголгон жок" деген жооп кайтарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
09.10.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоо, ата-энең, эли-журтуңдан эптеп кутулмаксың, а Аллахтын алдында кандай жооп берээр экенсин.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-09 12:01:31
09.10.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыз акмакта бала акмак эмесби?Ишин бүтүрүштү билген.катын кылып алышты билбейби.Эркек күнөөлү ичиндеги балагада.аялгада.
09.10.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жараткан Тенир жамандыктан сактасын.
09.10.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушуну баары билимсиздиктен асмандагы айды алып берем десе эле ХХХХХХХ калат.
А эркектер да динсиз-билимсизден. Любой эле ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-09 12:04:33
09.10.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуттунду сакттайм десен уулунду тарбияла. Тегинди сактайм десен кызынды тарбияла
Dilbaranurdinova түзөттү 2018-10-09 10:30:55
09.10.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
ушул жанылыктын кимге кереги бар андан коро Конор менен Хабиб туралуу жазып турсанар жакшы болмок ызы чуусун
09.10.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurbek56,Бул сага спорттун сайты беле,кечке ал экоону жаза бергидей?
09.10.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоо тен оз каалоосу менен чогу интимдик катнаш кылып,боюмда болсо сразу чогуу жашап алабыз,эч ким унчуга албайт деген ой менен барышкан да бул ишке.
09.10.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dembele84,антпейле бала качып кетип атпайбы таптырбай убалы ошого тийсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: