super.kg logo

Тогуз-Тородогу алтын кенде болгон тополоңго тиешеси бар деп жергиликтүү кеңештин төрагасы камакка алынды

 

Тогуз-Тородогу окуя боюнча Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда ЖЧК “Джи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында болгон окуя боюнча 234-берене (бейбаштык) жана 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин Тергөө кызматынын өндүрүшүнө алып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иштери боюнча окуя болгон жерде массалык тартипсиздикке катышкан 21 адам сот жообуна тартылган.

"Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "массалык тартипсиздиктер", "бейбаштык", "жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу", "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренелери менен айып тагылууда.
Кылмыш иши боюнча учурда 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты да бар. Калган кылмышка шектүү адамдарды, анын ичинде активдүү лидерлерин, негизги уюштуруучуларын аныктап жоопко тартуу максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп 2 жаран камакка алынган. 7-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы 1973-жылы туулган Ш.У. кылмышка шектүү катары жактоочусунун катышуусунда суракка алынган. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга 2 айлык мөөнөткө камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 11-апрелде Тогуз-Торо районунун Казарман айылында миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болуп, аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулсун деген талап коюшкан. Митингдин жүрүшүндө ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага кайрылган. Андан сырткары жаңы курулуп жаткан комбинат өрттөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
09.10.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ортогуло жок кылгыла. Жапайчылыкты дуйно жузуно коргозгуло. Акыры барып кедейчиликтен, миграциядан ары кетпейсинер. Кыргызстанда нефть болгон кундо деле ушинтип иштетпей, орттоп журо беришмек.
elebes86 түзөттү 2018-10-09 10:48:39
09.10.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол мыйзамсыз курулуш курган кытайлар менен ошого жол берип унчукпай карап турган тиешелуу бийлик окулдорун камоо керек болуучу, карапайым элди эмес.

Биринчиден карапайым эл мыйзамсыз курулушту орттоду, мыйзамдуу курулушту эмес.

Экинчиден ошол жерге завод куруудан мурун жергиликтуу элдин макулдугун алуу керек эле, болдубу ошол нерсе?!!

Учунчудон бир район эли каршы болуп жаткан сон, бийлик алардын пикири менен эсептешуусу керек болуучу. Кана, кайсы бири ат
09.10.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол баатыр Тогуз-Тороо элине данк. Камакта жаткандар баатырлар...

Ал эми Соке менен анын бийлиги оз элине кыянат кылган чыккынчылар!!! Кытайдын "ляппайбек" жетим жугуруктору...

Соке, сенин атан Кытайда жашап жургондо, уй-було менен Кытайга ак кызмат кылам деп касам ичип ант берди беле ыя?!! Кытайдын кызыкчылыгын коздойсун, оз элине кол которуп. Шашпа, буга жооп берээр убакыт келет. Сен болбосо сенин укум-тукумундан сурайбыз мунун эсебин!!! Саткын, чыккынчы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: