super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 9-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 56 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 56 жашка толду. Ал 1962-жылдын 9-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтун аяктап, зооинженер адистигине ээ болгон. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган.

Эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунун зоотехниги болуп баштаган. 1983-86-жылдарда Кара-Суу агроөнөржай биримдигинде зоотехник болуп иштеген. Ушул эле жылы Кара-Суу районунун “Коммунизм” колхозунда зоотехник – селекционер катары кызмат кылган. 1986-жылдын декабрь айынан 1989-жылга чейин Кара-Суу району боюнча райондук комсомол уюмунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон. 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Ош облустук комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин ар кандай кызматтарында иштеген: 1991-жылы Ош аймактык фондунда башкы адис, 1992-жылы бөлүм башчы, 1995-1999-жылдары Кайра түзүү жана ликвидация башкармалыгынын жетекчиси, 1999-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош-Жалал-Абад-Баткен аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары жана башчысы кызмат орундарын ээлеген.

2003-жылдын июлунан 2006-жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

2006-жылдан тартып 2015-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон.

2015-жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгисинин ээси.

9-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: