super.kg logo
  Саясат  

Транспорт жана жолдор министри 2017-жылдагы жасалган иштер боюнча маалымат берди

 

2017-жылы 344 чакырым жолго асфальт төшөлгөн жана 98 социалдык объект курулган. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитет жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, жол куруу үчүн өткөн жылы мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард 1 миллион сом каралган.

"Жол куруу тармагына бөлүнгөн 4,1 миллиард сомдун 2 миллиарддан ашык сомго жумуштар аткарылган. Өлкө боюнча жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырым. Анын 18 миң 700 метри Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында, калганы жергиликтүү бийликтин карамагында.

Өткөн жылы 344 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жасалган. Мындан сырткары 440 социалдык мекемелерди куруу иштери башталган. Анын ичинен 98 социалдык объект бүткөн. Алардын 60ы билим берүү мекемелери”, - деди Калилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: