Эркекти эркек зордуктады делген окуя. "Мас абалында таанышын зордуктаган" деп шектелген жарандын иши тергелип бүтө элек
Талас облусунда мас абалында "таанышын зордуктаган" деп шектелген жарандын иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.
"Тергөө амалдары аягына чыга элек. Кылмышка шектүү катары кармалган 37 жаштагы Кызыл-Туу айылынын тургунуна бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал убактылуу кармоочу жайда, тергөө аяктаган соң иш сотко өткөрүлүп берилет", - деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, окуя 7-август күнү кечки саат 23:30 чамасында орун алган. Анда 38 жаштагы жабырлануучу менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип, порнографиялык мүнөздөгү фильм көрүшкөн. Кийин кылмышка шектүү таанышынын мас абалынан пайдаланып аны зордуктап койгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү камакка алынган.











1 |