super.kg logo

Бишкекте батир тоноого шектелгендер кармалды, алардын бири кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган

 

Бишкекте батирди тоногон топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында Бишкек шаарынын тургуну Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Арызда батирине ууруга кирген жарандар анын алтын буюмдарын жана акчасын уурдап кеткенин жазган. Ошондой эле ал жалпы ага 75 миң сомдук чыгым келтирилгенин айтып, тийиштүү чара колдонуп берүүнү өтүнгөн.

"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "уурдоо" беренеси менен иш козголуп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында шектүү катары 26 жаштагы Т.Н. жана А.А. кармалып, алгачкы суракта алар окуяга тийиштиги бар дагы бир шектүү бар экенин айтышкан. Мындан улам ыкчам тергөө тобу 34 жаштагы И.у.И. кармалып, ал Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган. Учурда шектүүлөр 2 айга камакка алынып, тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.10.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козун жапкандан кийин суротун койбойле койбойсунарбы кимге кереги бар таанылбаган суроттун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: