super.kg logo
  Саясат  

Азиз Суракматов эмне себептен мэриянын кызматкерлери чечим чыгаруудан корко турганын айтты

 

"Тиешелүү ченемдик документтердин жоктугунан мэриянын Архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кайсы бир иштер боюнча кол коюудан жана чечим чыгаруудан коркушууда”, - деп бүгүн, 9-октябрда Бишкек шарынын мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында билдирди.

Буга байланыштуу ал мэрия кызматкерлери үчүн Жогорку Кеңеш коррупциялык иштер менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзамдарды кабыл алышы керек экендигин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө шаардагы коррупцияга тиешеси бар деп айтылып жаткан иштер Башкы прокуратуранын, УКМКнын коррупцияга күрөшүү бөлүмү жана Каржы полициясы тарабынан текшерилүүдө. Коррупция менен күрөшүү максатында курулуш тармагына тиешелүү бардык иштерди ачык өткөрүү каралууда”, - деди Суракматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: