super.kg logo

Аламүдүн районунда өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти делген айдоочу кармалды

 

Аламүдүн районунда өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенге шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү саат 17:40 чамасында Алматы көчөсү менен ГЭС-2 тарапка бурулуш жактан БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2005-жылы туулган баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында, кылмышка шектүү катары БМВ-520 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1997-жылы туулган Саламат У. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу өспүрүм ар түрдүү жеңил жаракаттарды алып, учурда амбулатордук дарылоодон өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: