super.kg logo

Хабиб Нурмагомедовдун жардамчысы Дагестандагы жолугушууда: "Бишкекте Хабибди маданияттуураак тосуп алышкан"

 
Хабиб Нурмагомедовдун Бишкекте өткөн жолугушуусу

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста болгон жеңишинен кийин Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу шаардагы эң ири стадиондордун биринде өтүп ага миңдеген адамдар келди. Мушкерди куттуктоо үчүн келген адамдар алып баруучунун жана Хабиб Нурмагомедовдун тынчтыкты сактап, арт жакка жылуу өтүнүчүн аткарышкан эмес.

Айласы кеткен мушкердин жардамчыларынын бири "Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарына барганда, аны маданияттуураак тосуп алышкан" деп айтып, дагестандык күйөрмандардан тартипти сактоону суранды.

"Мындан 4-5 ай мурун Бишкек шаарында Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолуккан. Анда 20 миңден ашуун адам келген. Бирок ал жакта мындай тартип бузуу болгон эмес. Келгиле, мушкерге болгон сый-урматыбызды көргөзөбүз", - деди жардамчысы.

Эскертке кетсек, Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүндөгү күйөрмандары менен 2018-жылдын 24-январында Бишкек шаарында жолугушуу өткөргөн.






Хабиб Нурмагомедовдун Махачкаладагы жолугушуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
09.10.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Кыргыз баардык жэрде озун корсотот биздей меймандос калк эч бир олкодо жок
09.10.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ак монгулуу аска зоолор талаалар элибиздин жаны менен барабар! Сансыз кылым ала тоосун мекендеп жашап келген биздин ата бабалар!!! Хабип биринчи Кыргызстанга келбептир анда.)))
09.10.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Хаба отдуши ишенгем женишине конорду
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-10 09:24:02
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: