3 жылдан бери бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болуп жаткан Алымкан Улукбек кызынын бир көзү оорудан улам көрбөй калды



Мындан бир жыл мурун SUPER.KG порталына Алымкан Улукбек кызынын апасы Гүлшайыр Карабекова кайрылып кызы тез аранын ичинде бөйрөгүн алмаштырууга муктаж экенин, операцияга керектүү акча каражат чогулса, өзү донор болуп бере тургандыгын билдирген.
Бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG порталына бейтаптын эжеси Анара Улукбек кызы кайрылып сиңдисинин абалы оорлошуп кеткенин айтты.
"Сиңдим Алымкан 3 жылдан бери бөйрөгү ооруп, андан жабыркап келет. Апам 6-кызын төрөгөндө атам "уул төрөбөйсүң" деп таштап кеткен. Апам баарыбыздын түйшүгүбүздү өзү жалгыз тартып келет. Алымкан ооруп калган маалда өз бөйрөгүн берип донор болом деген, бирок ооруп калып донор боло алган жок. Үй сатып алалы деп чогулткан акчабыздын баары сиңдимдин дарылануусуна кетти. Азыркы тапта сиңдим 2 күндө бирден гемодиализ алып жатат, абалы оор", - дейт Алымкандын эжеси.
Ошондой эле ал Алымкан Улукбек кызынын бир көзү оорунун айынан көрбөй калганын кошумчалады.
"Ушул оору менен алышып жүрүп сиңдимдин бир көзү көрбөй калды. 2 күн мурда эле жеке клиникадан чыгарып кеткенбиз. Бирок үйгө алып барганда Алымкандын кан басымы көтөрүлүп көзү шишип чыкты. Арга жок кайра ооруканага жаткырдык. Тез аранын ичинде операция жасабаса сиңдимдин 2 көзү тең көрбөй калышы мүмкүн. Мен донор болоюн деп жатам, бирок операция жасатуу үчүн 20 миң доллар акча каражаты керектелип жатат", - деди ал.
Алымкан Улукбек кызынын үй-бүлөсү колунда бар, кайдыгер эмес жарандардан операцияга акча чогултууга жардам берүүнү суранат.
Карабекова Гүлшайыр Жаныбековнанын (апасы) атындагы РСК Банк эсеп номуру: 1290297900000083
Эл сом: 0776 66 75 98
Сбербанк: 4276380015780740
Жардамга муктаж Алымкан


Сен Соке бийликте турганда Кыргызстан онолбойт.
Соке бийликте бир жылдан бери эшек такалап отурасын?! Ага чейин Окмотту жетектеди, эмнени кыйратты?!! Кочмондор оюнуна миллиарддап сапыргыча ушуга окшогон оорулууларга жумшаса жуздогон миндеген ооруулуулар айыгып эл катарына кошулуп калмак.....
Баса, Кумтор баш болгон алтын-кумуш кендеринен тушчу "доля" бугун Сокенин чонтонуно тушуп жаткан жокпу ыя?!!