super.kg logo

Бишкекте 9 ай аралыгында 1594 жол кырсыгы катталып, 40 адам каза болгон

 

Борбор калаада ушул жылдын 9 ай аралыгында 1594 жол кырсыгы катталган, анын ичинен 329 жол кырсыгы жаш балдардын катышуусу менен болгон. Катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 40 адам каза болсо, анын үчөө балдар. Жол кырсыктарынын кесепетинен 1973 адам ар түрдүү жаракаттарды алган, анын ичинен 360 балдар экени маалым.

Ал эми 2017-жылдын 9 ай аралыгында 1558 жол кырсыгы катталган. Анда 1969 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Оор жаракаттардан улам 54 адам каза болгону маалым. Жалпы сандын ичинен 315и балдар, анын ичинен үчөө каза болуп, 356 бала ар түрдүү жаракаттарды алганы маалымдалган.

Кыргыз жери жол кырсыктары көп болгон өлкөлөрдүн катарын толуктайт. 2017-жылы өлкөдө 6346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: