super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын өлүмүнө шектүү: "Ала качканымды моюнума алам..."

 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө. Айыпталуучуларды сот залына алып келишти. Алар кызды ала качкан жигит Марс Бөдөшов жана анын жанындагы досу Акмат Сеитов. Учурда сот жараяндын катышуучулары менен тааныштырып отурумду баштады.

Отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшов соттун "күнөөнү толук моюнуңа аласыңбы" деген суроосуна "Мен күнөөнү жарым-жартылай алам, тактап айтканда, кызды ала качканымды моюнума алам" деп жооп берди. Ошондой эле ал Бурулайды биринчи жолу ала качканда өз макулдугу менен ала качканын айтты. Ал эми ага жардам берген досу Акмат Сеитов "күнөөмдү моюнума албайм" деп жооп берди. Учурда соттук отурум уланууда. Жабырлануучу тараптан өкүл катары маркум Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев сөз сүйлөөдө.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
09.10.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Кыздар эч убакта башынарды жерге салбагыла. Болбосо далай деген кыздар билинбей кулга айланып калышкан. Озгочо динге, салтка бекем байланган жерде аялдар басмырланып жашары анык. Озгочо, Иран, Аравия, Афганистан, Пакистан ж.б.
10.10.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
yrmat88, милиция оздору баланын катту урганда олду деп ойлошкон,Кубо болду деп кызды оздору олтуруп коюп балага шылтап жатышпайбы....
09.10.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми соттук отуруму 3-5 жыл созулабы?! Ардан бери тергесе болбойбу?! Тиги жардам берген жигит болсо куноолуу эмесмин дейт, ала качканга кол кабыш кылганын коз коруно танып жатабы?!!

Айыпталуучу менен милицияларды чакырып, ким олтургонун аныктагыла да, айлап жылдап созуп журо бербей, кичине нерсени тактай албай.....
09.10.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Өлүм жазасына керек буларды
09.10.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондо Марс мен өлтүргөн эмесмин деп атабы?
10.10.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ех.... Кайран жаштык, чырактай кыз, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун,бул жигиттердин, же милиция кызматкерлеринин күнөөсү болсо Кудайым жазасын сөзсүз берет, бир эле суроо? Биздин сотторго такалат, урматтуу соттор силерди деле адам төрөгөнго,силердин деле уул кызыңар бардыр, акыйкат чечип батыраак бүткөрүп койбойсуңарбы жөнү жок эле убакытты созуп жүрө бербестен.Бурулайдын ата энесинин ордуна коюп көргүлөчү өзүңөрдү...?
4ika1989 түзөттү 2018-10-10 00:29:56
10.10.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Марс кызды мен олтурбодум дегендей эле жооп бериптир го анда ким олтурушу мүмкүн
10.10.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Күнөөнүн баары атасында, каршы болбой, тим койсо сүйүшкөн эки жаш турмуш куруп, бактылуу болушмак.
10.10.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атасы байлыкты суйгон киши экен
10.10.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийинки кудалашкан жери колунда бар немелер окшобойбу, бул балага караганда. Жайына койсо болмок атасы, минтип кызы жок калды. Кийлигишпей койсо кызы тирүү болмок
11.10.2018. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,эми кыздын атасы акча сурап жатыптыр куоолуулор жактан.
10.10.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менинда атасына бир аз капа болдум неге анчалык шашып милиция берип чалып постогуларга таможныйга токтоткула деп. Бир аз сабыр кылып аркасынан өздөрү Таласка келип деле алып кетип калышмак го кызды ошончолук бергиси жок экен.
10.10.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ толугураак маалымат жазсанар Ала качканын озу айтпаса или силер жазбасанар да баарына маалым токотээр жерин жазсанар Бурулайды ким олтургонун Марс мен дедиби или мен эмесмин дедиби ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: