Спортко умтулган өжөр, өзгөчө баланын апасы: "Уулум келечекте паралимпиадалык оюндарга катышат деп ниеттенем"
Бишкек шаарында жашаган 12 жаштагы Элнур Калыбаев сууда сүзгөндү жакшы көрөт. Жакында эле чуркоо боюнча марафонго катышты. Велосипед тепкенди үйрөнүүнү кыялданып, азыр велосипед сатып алуу үчүн акча чогултуп жатат. Башкалардан айырмасы - ага мээнин өрчүүсүнүн кечеңдеши деген диагноз коюлган. Өзгөчө баланын жашоосуна спортту алып келип, анын жетишкендиктерине сыймыктанган Анара Баялиева келечек пландары менен бөлүштү. Келечекте паралимпиадалык оюндарга катышабыз деген эне ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине кеп-кеңешин айтып өттү.
- Сууда сүзүү менен жигердүү алектенгенине 4 жыл болду. Ал эми балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештерге катышканына 1 жыл болду. Менин колумду кармап чуркайт. Башка балдар ушундай чоң бала дагы жыгылып кетерин түшүнүшпөйт да. Ансыз деле чоңоюп жатканда көп жолу жыгылып, чекесинен, тизесинен жаракат алган. Жакында чуркоо боюнча күзгү марафонго катыштык. Медаль, сыйлыктарды алуу үчүн эми кийинки чуркоо боюнча мелдешти чыдамсыздык менен күтө баштады. Анын азыр 5 медалы бар.
- Паралимпиадалык оюндарга катышуу ниетиңиздер бар экен. Машыктыруучуңуздар барбы?
- Азыр машыктыруучубуз жок. Сууда сүзүүнү үйрөткөн машыктыруучусу Орусияга көчүп кетти. Башкаларга баргысы келбейт. Мындай балдар бир адамга көнүп калса, башка адамга көнүшү кыйын болот. Бизди заманбап айкалышкан беш спорттун түрү менен машыгууга чакырышты, бирок мен алыска баруудан баш тарттым. Анан баламдын мээси да жетиштүү өрчүй элек деп ойлойм. Азыр 12 жашта болгону менен, өзү 4 жаштагы баладай.
- Спорт менен алектенсе кумир туткан спортчусу болсо керек.
- Кумир дегенди азырынча түшүнө элек го, апа - ал үчүн бардык нерсе.
- Балаңыз эмне менен алектенгенди жакшы көрөт?
- Компьютерде отуруу - анын сүйүктүү иши. Интернетсиз жашоо жок (күлүп). Компьютерден алыстатуу үчүн короого сейилдөөгө чыгабыз.
- Кыйынчылыктар дагы аз эместир...
- Кыйынчылыктар миллиондоп саналат. Мисалы, жөлөк пулга гана жашоо реалдуу эмес. 4 миң сом эмнеге жетет? Бассейндин абонементин төлөөгө, витаминдерди сатып алууга жетет. "Жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун" дегендей менин досторум көп. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган энелерге акча төлөнүп баштайт деп үмүт кылабыз. Кичине болсо да жеңил болмок. Анткени менин 20 жаштагы кызым студент, окуудан кийин иштейт. Дагы бир уулум 15 жашта, ал мектеп окуучусу.
Баланы атайын мектепке берүү абдан кыйын. Ал жакта бир жыл окутушат. Эгер жыйынтык болбосо окуудан чыгарып салышат. Бизди дээрлик 4 жолу окуудан чыгарып салышты окшойт. Депутаттарга, министрге кайрылып отуруп араң 4 жыл окудук. "Баланы реабилитациялык борборго таштап кетиңиз" дешкенде кыжырым келген. Мен турганда баламды эч кимге бербейм, эч кимге кор кылбайм.
- Өзгөчө балдардын ата-энелерине кандай кеңеш берет элеңиз?
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине кайрылып, үйдө отурбастан балдарды ар кандай иш-чараларга катыштырып, спорт менен машыктырууга чакырат элем. Ата-энелерге эч качан башыңарды жерге салбагыла, балам ушундай төрөлдү деп кайгырбагыла, аларды урушуп жазалабагыла деп айтар элем. Андан көрө бир агым менен жүрүп, ар бир күндөн ырахат алгыла.
Мен спортту жакшы көрөм. Бирок убактымдын баарын спортко арнай албайм. Сууда сүзүү, веложарыш жана чуркоого катышканымды көргөн 3 балам үлгү алат. Кенже уулум өзгөчө бала. Дайыма жанымда жүрөт. Ага оор болсо дагы мага окшоп чуркагысы келет. Эч кимге эч нерсе оңой болбойт да. Келечекте өзгөчө балдар үчүн бала бакча ачкым келет. Башка ата-энелерге иштөөгө мүмкүнчүлүк дагы болмок. Көп энелер балдарын кимге таштай турганын билбей үйдө отурушат эмеспи.
Учурда эне-баланын капчыгында 50гө чукул медаль бар. "Балам үчүн баарына даярмын" деген Анара Баялиева байгелүү орундарды жеңүү үчүн спорт менен машыгууну улантышарын кошумчалады.
Сууда сүзүүнү жактырган өзгөчө бала





1 |