super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги жетекчи аялдардын былыктары Каденовасыз деле ачылмак"

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айланасындагы чырдын аягы көрүнбөй турат. Аталган министрликтеги бул чыр Зууракан Каденова жумуштан алынгандан кийин башталган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Министрликтин айланасындагы чыр - Каденованын кызматтан алынып калганына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн өч алуу аракети эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди. Анын пикиринде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги ызы-чууну министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденовага байланыштыруунун кажети жок.

"Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытованын иштери, албетте, туура эмес. Министр болуп туруп, социалдык жактан адамдарды коргоо жаатындагы иш-аракеттерди жасагандын ордунда бюджеттеги акчаларды алып тайраңдаганын ким жактырсын. Убагында коңгуроо кагыш керек болчу, унчукпай койсок минтип жүрө берет экенбиз. Аталган эки чиновник туура эмес иштери менен кийинки муундарга жаман мисал көрсөтүшүүдө. Коррупция менен күрөшөбүз деп жатабыз, ал эми министрликте ушундай болуп жатканы өкүнүчтүү. Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы бир чиновниктин айыбы ачылса, ал актанып отурбайт, дароо кызматтан кетет. Ошондуктан министр Исакунованын кызматтан кете электигине таң калам. Ал эми Мамытова уялганданбы, бүгүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазыптыр", - дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана Дастан Бекешевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: