super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз режиссёрунун "Аврора" тасмасын Түштүк Кореяда өтүп жаткан кинофестивалда жылуу кабыл алышты

 

Кыргыз режиссёрунун "Аврора" тасмасын Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп жаткан кинофестивалда жылуу кабыл алышты. Бул тууралуу кино таануучу Гүльбара Төлөмүшова кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда өтүп жаткан XXIII эл аралык Пусан кинофестивалында кыргыз режиссёру Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасынын бет ачары болуп, ал "Кинодогу жаңы ачылыштар" аталыштагы сынактык программага катышты.

"Аврора" тасмасынын бет ачары болгон соң кино сүйүүчүлөр Бекзат Пирматовдон кол тамга алуу үчүн кезекке турушту. Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң талкуу болду. Анда катышуучулар тасма тууралуу кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Сынактын жыйынтыгы 13-октябрда белгилүү болот", - деди Төлөмүшова.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз кинолору сынактык программага катышкан эмес. Ал эми белгилүү режиссёрлор Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Таалайбек Кулмендиевдин тасмалары сынактан тышкаркы "Азия - кино дүйнөсүнө терезе" аттуу расмий программага катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: