super.kg logo

Бүгүн шаардык сот Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча арызды карайт

 

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча жактоочунун арызын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сот отуруму саат 09:30да башталат.

Окуянын чоо-жайы:

24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартты.

Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан бери тергөө мөөнөтү 3 жолу узартылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.10.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар арыздана бербей жооп бербейби. Кулматов, Албек, Сапар Исаковдор канчалык ууру экенин элдин баары билет
10.10.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар үчүн бөлүнгөн акчаны уурдаган адамдан эмнени күтсө болот. Тиешелүү жазасын алып абакта отурсун
10.10.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги АШАнын командасындагы эн мыктысы ушул эле, таза, маданияттуу симпатичный культурный. Бирок АША сенде моралдык жопкерчилик деген нерсе барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: