super.kg logo

"Бөлүп төлөө шарты менен смартфон": Beeline акция шарттарын жаңыртат

 

Эми Кыргызстандын бардык жашоочулары Huawei жана Xiaomi смартфондорун 3 же 6 айга бөлүп төлөө шарты менен жол-жоболоштура алышат. Компания кардарлардын каалоо-тилектерин эске алуу менен мобилдик телефондорду бөлүп төлөө шарты менен сатып алуу боюнча акциянын шарттарын жаңыртып, узартты.

Beeline сатууларды өркүндөтүү боюнча менеджер Асель Максатбек кызынын айтуусуна таянсак, 6 айга бөлүп төлөө боюнча акцияны ишке киргизгенден кийин компания абоненттердин арасында сурамжылоо жүргүздү.

"Кардарларыбыздын пикири аркылуу биз кээ бирлери бөлүп төлөө шарты менен тезирээк төлөп бүтүүнү каалашарын аныктадык. Ошентип компания жаңы акцияны ишке киргизди, анын шарттары боюнча үч айга бөлүп төлөөнү жол-жоболоштурса болот. Ошондой эле 8-октябрдан баштап биз бөлүп төлөө боюнча акцияны 6 айга узарттык".

Смартфонду бөлүп төлөө шарты менен каалаган Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринен алса болот. Жол-жоболоштуруу үчүн паспорт (id-карта) жана кызмат орду, чегеримдерди жана кармап калууларды көрсөтүү менен акыркы 6 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкат зарыл. Жеке ишкерлер үчүн жанында паспорт (id-карта) жана тастыктоочу дүмүрчөк менен акыркы 3 ай үчүн узартылган күчүндөгү патент керек.

Beeline кеңселеринде мобилдик телефонду бөлүп төлөө шарты менен сатып алуунун артыкчылыгы – бул биринчи кезекте ылдамдык. Жол-жоболоштуруу 30 мүнөттө жана түздөн-түз Beeline кеңсесинде банкка барбай эле жүргүзүлөт. Ошондой эле акция шарттары баштапкы төгүмдөрүн төлөөнү, пайыздарды чегерүүнү жана кошумча ашык төлөмдөрдү караштырбайт - кардар тандалган смартфон бааланган сумманы төлөйт.

"Эгер бизге 6 айга бөлүп төлөө шартын жол-жоболоштурууну каалаган 10 миң сом айлык акысы менен кардар келсе, анда болжол менен ал 20 миң сомдук смартфонду күтсө болот. Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, бөлүп төлөө шарты менен мобилдик телефон сатып алууда биз 220 жаңы коду менен кооз номурду, ошондой эле жылдын аягына чейин WhatsApp мессенжерин колдонууга акысыз трафигин тартуулайбыз", - деп кошумчалады Асель Максатбек кызы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: