super.kg logo

"Можно ВСЁ!" Beeline бардык окуу жайларда wi-fi орнотуп, студенттер үчүн ыңгайлуу тарифти даярдады

 

"Можно ВСЁ! 2.0" аталышындагы жаңы тарифтик планды Beeline атайын студенттер үчүн даярдады. Компания жогорку окуу жайларда окугандардын суроо-талаптарын эске алды. Тарифке ылайык, жумасына 8 гигабайт интернет-пакет, чексиз түнкү интернет, тармак ичиндеги акысыз чалуулар жана башка тармактарга акысыз 10 мүнөт берилет.

Мындай тарифтик планды түзүү - билим берүү технологияларына жана ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү боюнча ири долбоордун бир бөлүгү. Долбоордун алкагында студенттер үчүн жеңилдетилген тарифтен тышкары Beeline өлкөдөгү университеттерди акысыз зымсыз интернет менен камсыздайт.

Учурда компания 17 университетте жана 3 коллежде тез ылдамдыктагы wi-fi орнотту. Алардын катарында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бардык корпустары, Бишкек гуманитардык университети, Раззаков атындагы КМТУ, Кыргызстандын эл аралык университети, Кыргыз экономикалык университет бар.

"Билим берүү - биздин компаниябыздын негизги багыттарынын бири. Студенттер билим берүү ресурстарына тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк алыш үчүн биз өлкөнүн бардык окуу жайларын техникалык жактан камсыздоону максат кылып койдук. Учурда жаштарга университеттерде берилген китепчелер жетишсиз. Алар китептерди онлайн окуйт, өзүнүн долбоорлорун түзөт, онлайн-университеттерге окушат, ошон үчүн интернет - өнүгүү үчүн керектүү ресурс жана дүйнө менен байланыш үчүн каражат. Жакынкы арада биз өлкөнүн түштүк аймактарында, Ошто жана Жалал-Абадда, окуу жайларда wi-fi роутерлерди орнотуунун үстүнөн иштейбиз", - дейт Ирина Хегай, Beeline компаниясынын Маалыматтык технологиялардагы бизнес-тиркемелердин архитектурасынын өнүктүрүү кызматынын жетекчиси.

Бишкек гуманитардык университетинин өкүлүнүн пикиринде, телекоммуникациялык компания менен кызматташуу ЖОЖдор үчүн стратегиялык жактан маанилүү, анткени студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

"Beeline компаниясы менен биз жарым жыл иштешип келебиз. Биринчи кезекте биздин кызматташуубуз техникалык камсыздоодо негизделет - бардык корпустарда wi-fi роутерлерди орнотуу. Биз мониторинг жүргүзүп, интернеттин ылдамдыгын текшердик. Бүгүнкү күндө Beeline мобилдик операторлордун рейтингинде алдыда экенин эске алып, аны менен туруктуу иштешүүнү чечтик. Негизинен студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керек - алар керектүү маалымат алыш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышы керек. Баары билгендей, учурда маалыматтык технологиялар доорунда биз бардык маалыматты интернеттен алабыз", - деди БГУнун өкүлү Ялкун Даутов.

"Биздин биринчи кезектеги милдетибиз - студенттерге сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана керектүү шарттарды түзүү. Ушул миссиябыздын жана милдеттерибиздин алкагында биз бул компания менен мындан ары иштешүүгө ниеттенүүдөбүз. Анткени биздин студенттер wi-fi жана мобилдик тиркемелер менен пайдалана алышы керек. Келечекте аларда электрондук китепканаларга жана билим берүү ресурстарга кирүүгө мүмкүнчүлүк болушу зарыл. Биздин кызматташуубуз мындан да кеңейиши керек", - деп кошумчалады Даутов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.10.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КРСУга качан орнотот экен?)
11.10.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БКАМСка да качан келишти болду экен???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: