super.kg logo

Жалал Абад ОИИБи: "Ала-Букада атасын бычактап, "өз ажалы менен өлдү" деп көмүп койгон 19 жашар уулу кармалды"

 

Ала-Бука районунда жаран өз атасын өлтүрүп, аны өз ажалы менен өлдү деп жерге берген. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"4-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Ала-Бука районунун Достук айылынын тургуну 49 жаштагы Т.Садыхжанды 19 жашар уулу Рашидбек өз үйүндө көкүрөк тарабына 3 жолу бычак сайып өлтүргөн. Эртеси 5-октябрь күнү “мас болуп өз ажалы менен өлдү” деп аталган айылдын “Жаамий” мазарына атасынын жансыз денесин көпчүлүк менен бирге көмүшкөн. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү менен анын киши колдуу болгонун аныкташты. Бул факты боюнча Ала-Бука РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү уулу тергөө абагына киргизилди жана жасаган ишин толук моюнуна алып көрсөтмө берди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, атасы спирт ичимдигин көп ичкендигин жана ошол күнү да мас болуп үйүндө жаңжал чыгарып баласы экөө уруша кеткенин айткан. Атасына ачууланган Рашидбек аны бычак менен сайып өлтүргөн. Каза болгон Т.Садыхжан үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы болгон. Ал эми анын өлүмүнө себепкер катары шектелген баласы бойдок.

Учурда тергөө иштери уланууда. Бүгүн, 10-октябрда тергөө иштеринин алкагында маркумдун сөөгүн кайра казуу иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады облустук милиция.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.10.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арактын айынан эине гана болбойт. Атасы ичпесе баласынвн колу да канга булганбайт эле
10.10.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur, арак ичти деген болгону шылтоо да....
10.10.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2008- жыл болсо керек эле кызы менен аялы балдарды чакыртып атасын олтургон эле дал ушул айылда.
11.10.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо баласы акмак экен.Оз баласынан корсун,башка айталбайм Ошо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: